Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы

  2024-жылдын 20-февралы №6

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 14-февралындагы № 01-19/216 сандуу катына негиз

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү” токтомуна, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы чогулушунун протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

 

 

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү, айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш-орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексина, жер мамилелери жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Дөң-Кыштак айылынын Боз бөлөмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасына пайдаланууга ыңгайсыз топурак казып алынган карьердин 0.20 га аянтына, убактылуу конкурстук ижара келишиминин негизинде, айыл чарбасы үчүн зарыл болгон органикалык азык, биогумус жана калифорния сөөлжандарды (жер семирткичи) иштеп чыгуучу цех курууга макулдук берилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодексин жана жер мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын жана жогорудагы суралган муниципалдык менчикте турган жер аянтын, биогумус жана калифорния сөөлжандарды иштеп чыгуучу цех куруу багыты боюнча пайдалануу жагы милдеттендирилсин

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 К. Сатторов