Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 26-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №3
Жаңы-Ноокат айылынын Ташкоргон участкасында жайгашкан “Шерали Ажы” атындагы мечитинин админстративдик аймагынан муниципалдык менчик багытындагы спорт аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жаштарын колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү максатында, “Шерали Ажы” атындагы мечитинин административдик аймагынан жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, айыл тургундарын 2024-жылдын 27-февралындагы жыйынынын №1 протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айылынын Ташкоргон участкасында жайгашкан “Шерали Ажы” атындагы мечитинин админстративдик аймагынан муниципалдык багытындагы спорт аянтчасын куруу үчүн 400.0 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Курулуучу спорт аянтчасына керектелүүчү архитектуралык план долбоорлорун, сметалык иш-кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” жана “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер жана башкалар” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |