Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 27-сессиясы
2024-жылдын 16-майы №1
Айылдык кеңешинин XXVI- сессиясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 1 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Жаны–Ноокат айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жаны–Ноокат айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кайрадан карап чыгып, жана талкуулап, айыл тургундарынан сунуштарын эске алып, айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаев жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевтин билдирүүсүнө таянып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жаны–Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы–Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевтин 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 7 сандуу билдирүү катында көрсөтүлгөн Күнгөй-Хасана айылында жайгашкан № 645, 638, 643, 651, 653, 655, 652 контурларында жайгашкан 8.48 га жер аянты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдик мекемелеринен жогорудагы жер аянттарын жөнүндөгү маалыматтарды тактап жана үйрөнүп, 8,48 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн административдик-схемалык картасына (балансасына) алуу жагы Жаңы- Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана жер адисине милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ш. Киргизбаевке милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |