Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 27-сессиясы
2024-жылдын 16-майы №2
Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2024-жылга карата божомол бюджетини бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2024-чарбалык жылга карата бюджети жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 12-майындагы протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2024-чарбалык жылга карата бюджетинин кирешелерин жана чыгашаларын 650 000 (алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндө № 1 Тиркемеге ылайык бекитилсин жана жыл ичинде кирешелер, чыгашалар боюнча толуктоолор, өзгөртүлөр Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
2.Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин, жайыт акыларын өз убагында өндүрүү, мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу, жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин жетекчиси М.Юсуповго милдеттендирилсин.
3.Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин 2024-жылдагы кирешесин өздөрүнө 100 % өлчөмүндө кайтарылышына макулдук берилсин, токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Сатторовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” жана “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |
Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышы) 2024-жылдын 16-майындагы № 2 Токтомуна № 1 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга болжолдуу кирешеси
(мин сом)
№ | Киреше булактары | божомол |
1 | Жайытка баруучу шарттуу бодо мал башынан | 46 150 |
2 | Жайытка баруучу шарттуу торпок башынан | 8 040 |
3 | Жайытка баруучу шарттуу кой башынан | 217 350 |
4 | Жайытка баруучу шарттуу козу башынан | 40 800 |
5 | Жайытка баруучу шарттуу эчки башынан | 18 600 |
6 | Жайытка баруучу шарттуу эчки улагынан | 5 460 |
7 | Жайытка баруучу шарттуу жылкы башынан | 13 500 |
8 | Жайытка баруучу шарттуу жылкы кулунунан | 3900 |
9 | Жун кыркуу | 12 200 |
10 | Бак эсебинен | 105 000 |
11 | Уюлдук компаниялар эсебинен | 144 000 |
12 | Автогрейдер кызматынан | 35 000 |
Бардыгы: | 650 000 | |
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга болжолдуу чыгашасы
№ | Чыгаша бөлүгү | божомол |
1 | Эмгек акы | 350 750 |
2 | Соц.фондго чегерүү | 60 505 |
3 | Канцелярдык буюмдар | 3 000 |
4 | Инфраструктура | 153 045 |
5 | Жана башка чыгымдары | 24 800 |
6 | Консултациялык кызматтар | 20 000 |
7 | Коммуналдык чыгымдар | 2 900 |
8 | Автотранспорт үчүн | 35 000 |
Бардыгы: | 650 000 | |
Катчы: | Ш.Джураева |