Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын 22 майындагы № 5 сандуу катынын негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-кыштак айылынын Тескей бөлүмүңдөгү №427 конторундагы жайыт жер эсебиндеги 0.20 га жер аянтын сугат суу учун суу сактагыч куруу учун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) маакулдук берүү жөнүңдө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын 22 майындагы № 5 сандуу катынын негизинде Дөң кыштак айылынын Тескей бөлүмүнүн тургундарынын арызын канааттандыруу максатында Тескей бөлүмүндө жайыт жер эсебинен №427 конторунда жайгашкан 0.20га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесинин жана 15-беренесине 8-2 бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүңдө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому, Жаңы- Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча 2024 жылдын 30-майындагы сессиянын протоколу негиз, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы- Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын 22 майындагы № 5 сандуу катынын негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-кыштак айылынын Тескей бөлүмүңдөгү №427 конторундагы жайыт жер эсебиндеги 0,20 га жер аянтын сугат суу учун суу сактагыч куруу учун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) маакулдук берилсин.
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 0,20 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын жер кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Жаңы – Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Жалоловке милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |