Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 19-февралындагы № 171 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2007 жылдын 25-майындагы № 73 сандуу “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамынын ишке ашыруу максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын 19-февралындагы № 171 сандуу катына негиз, убактылуу “песко блок, евро забор жана брусчатка” чыгаруу цехин куруу үчүн Дөң-кыштак айылынан 0.20 га жер аянтын ижарага ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүңдөгү маселе, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, жергиликтүү бюджетти көтөрүү, айыл тургундарына жумушчу иш орундарын жаратып берүү максатында, Дөң-Кыштак айылынан айыл чарбасына ынгайсыз болуп эсептелген 0.20 га жер аянтын “Песко блок, Евро забор, Брусчатка чыгаруу” цехинин куруу учун ижара келишиминин негизинде ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 19-февралиндагы № 171 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Айыл чарбасына ыңгайсыз болуп эсептелген 0.20 га жер аянтын категориясын которуу боюнча иш-аракеттер, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын чегинде, аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |