Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №3
“Жаңы-Ноокат Тазалык”, “Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмеси”, “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясын жана “Жаңы-Ноокат СООПВ” муниципалдык ишканаларын базасында жаңы “Жаңы-Ноокат” муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
Муниципалдык ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Жарандык кодекстин 230-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтому менен бекитилген “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо жана тазалык кызматтарын базасында жаңы “Жаңы-Ноокат” муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Жаңы-Ноокат айылынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Административдик-аймактык реформанын алкагында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү таза суусу, сугат суусу менен камсыздоо жана тазалык кызматтарын жаңы «Жаңы-Ноокат» муниципалдык ишканасынын базасында уюштуруусуна макулдук берилсин.
2.«Жаңы-Ноокат» муниципалдык ишканасы, “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасын, “Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесин”, “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясын жана “Жаңы-Ноокат СООПВ” муниципалдык ишканаларынын укук мураскери жана укук улантуучусу болуп белгиленсин.
3.“Жаңы-Ноокат» муниципалдык ишканасына, “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасын, “Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесин”, “Гезарт” суу пайдалануучулар ассоциациясын жана “Жаңы-Ноокат СООПВ” муниципалдык ишканаларынын чарбалык карамагында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, материалдык жана материалдык эмес активдерди, пассивдерди, финансалык каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берилсин.
4.Токтомду аткарууга алуу жана муниципалдык ишкананы уюштурууда уставын бекитүү жана каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу жагы “Жаңы-Ноокат” айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |