Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссия курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары ичинен айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссия курамына киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун жана ой пикирлерин эске алып “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесин 2 бөлүмүнүнө ылайык Жаңы-Ноокат айылынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссия курамынын мүчөлүгүнө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Абдусаломов, жер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т. Жалолов жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия мүчөсү А.Тешебаевтер сунушталсын.
2.Токтомду аткарууга алуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевке сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | И.Мамажанов |