Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №5
трансформатор (КТП) орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүңдө жайгашкан көчөлөрүңө электр энергиясын камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Дөң-Кыштак айылынын айыл башчысы А. Араббоевтин 2024-жылдын 22-майындагы арызына негиз, Кароол-Дөбө бөлүмүнө трансформатор (КТП) орнотууга маакулдук берүү жөңүңдөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун ой пикирлерин эске алып “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин 2-бөлүмүнүн 17- бөлүкчөсүнө ылайык Жаңы-Ноокат айылынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндө жайгашкан 16.0 ч.м. жер аянтына трансформатор (КТП) орнотууга маакулдук берилсин.
2. Трансформаторго керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын, тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтом аткарылышын көзөмөлдөө Айылдын кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага: | И.Мамажанов |