Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы
2024-жылдын 30-майы №6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылындагы көчөгө наам ыйгарыш боюнча айыл тургундарынын 2024-жылдын 25-январындагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылындагы төртүнчү көчөнү аталышын эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Базаров Эргаш наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | И.Мамажанов |