Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 30-июлу № 456
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдун бирдикту реестрине киргизилген медициналык кызмат көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтуу стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырманы ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. “Бюджеттик каржылоонун көлөмүнөн тышкары стоматологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26- февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган кундөн тартып уч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдөгү алып жүрүүлөр аркылуу,жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу кундун ичинде буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жана анын аймактардагы кызматтары жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун, аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын башчысы милициянын майору Э.И.Жеенмуратовго жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору А.К. Бийбосуновго жүктөлсүн.
7. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийинкүчүнө кирет.
8. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр милициянын генерал-лейтенанты |
У.О. Ниязбеков |