Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 28-июну №1
“Социалдык шаарча куруу үчүн муниципалдык менчиктеги үйлөрдү салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 26.06.2024-жылдагы №01-23/2578 катындагы «Халича» коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 18-беренесине, , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34, 66-беренелерине ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши Токтом кылат:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынына караштуу Жаңы-Базар айылынын “Аэропорт” учаскасына 400 (төрт жүз) үй-бүлөгө социалдык шаарча куруу үчүн 10 гектар жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрагалык кылуучу-тѳраганын орун басары: | У.Качканаков. |