Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 28-июну №2
“ЖРТден 150дөн жогорку балл алган окуучуларга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Р.Субаналиевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардыгы мектептерден Жалпы Республикалык тестирлөөдөн 150 баллдан жогору балл алган окуучуларга тапшырылуучу акча каражаты 2024-жылдын социалдык-экономикалык программасында каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. -150 баллдан 160 баллга чейин 5000 (беш миң) сомдон;
-160 баллдан 170 баллга чейин 7000 (жети миң) сомдон;
-170 баллдан 180 баллга чейин 15 000 (он беш миң) сомдон;
-180 баллдан жогору 30 000 (отуз миң) сомдон стимул катары тапшырылсын.
3. Жалпы Республикалык тестирлөөгө каралган акча каражаты ар кандай чыгымдар беренесинен социалдык төлөмдөр беренесине жылдырылып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагалык кылуучу-тѳраганын орун басары: | У.Качканаков. |