Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-июлу № 463-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |