Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 11-июлундагы № 131
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 «Нотариалдык ишти жөңгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын нотариалдык ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нотариалдык ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 «Нотариалдык ишти жөңгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» буйругунун төмөнкү тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-тиркемеси менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө» Жобого:
- 28-пункт төмөнкү редаякциядан баяндалсын:
«28. 84 жана андан ашык суроого туура жооп берген адам универсалдуу лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырды деп эсептелет, бул тесттин жалпы суроолорунун 70 жана андан көп пайызын түзөт.
60 дан 83 суроого чейин туура жооп берген адам локалдаштырылган лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырды деп эсептелет, бул тесттин суроолорунун жалпы санынын 50 жана андан көп пайызын түзөт.».
2) 5-тиркемеси менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө» Жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацстар менен толукталынсын:
«Универсалдуу лицензия – Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү лицензия.
Локалдаштырылган лицензия – Нотариалдык Палата менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тизмеге ылайык белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган райондордо) жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө адамдын укугун күбөлөндүрүүчү лицензия.»;
- төмөнкү мазмундагы 4.1.-пункту менен толукталсын:
«4.1. Локалдаштырылган лицензияны алуу келип түшкөн арыздын негизинде берилет.
Локалдаштырылган лицензия алган адамдар белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган райондордо) гана жеке нотариалдык иш жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен келишим (контракт) түзүүгө милдеттүү.»;
- 10-пунктун 2-пунктчасындагы «лицензиянын номери жана берилген датасы» деген сөздөр «, лицензиянын түрү» деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктагы «ылайык форма» деген сөздөрдөн мурда « Универсалдуу жана локалдаштырылган лицензиялар ушул Жобонун 1 жана 2 –тиркемесине» деген редакцияда баяндалсын;
- 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «универсалдуу жана локалдаштырылган лицензия берет;».
2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө юстиция министринин орун басары О.К. Сыдыковго жүктөлсүн.
3. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Негиз: Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын начальниги А.М. Абакированын кызматтык каты.
Министр А.Б. Баетов
5-тиркеме
Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык
ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө лицензияларды берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтото туруунун, калыбына келтирүүнүн, токтотуунун жана кайра чакыртып алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын негизинде регламенттейт.
2. Лицензия – адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүргөн белгиленген формадагы документ (мындан ары – лицензия).
Универсалдуу лицензия – Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү лицензия.
Локалдаштырылган лицензия – Нотариалдык Палата менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тизмеге ылайык белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган райондордо) жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө адамдын укугун күбөлөндүрүүчү лицензия.
3. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүүнү каалаган адамдар «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
4. Лицензия жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лизензия алууга талапкер адамдардан Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде квалификациялык экзаменди тапшыргандан кийин бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
4.1. Локалдаштырылган лицензияны алуу келип түшкөн арыздын негизинде берилет.
Локалдаштырылган лицензия алган адамдар белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган райондордо) гана жеке нотариалдык иш жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен келишим (контракт) түзүүгө милдеттүү.
5. Лицензия ажыратылгыс болуп саналат, биринчи жолу 5 жылга берилет, андан кийин, эгер жеке нотариалдык ишти жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензия токтотулуп турбаса, квалификациялык экзаменди тапшырбастан кийинки 10 жылга жана андан кийин ал чектелген куракка жеткенге чейин узартылат.
6. Лицензия төмөнкү адамдарга берилбейт:
1) Башка жарандыгы, кош жарандыгы, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар адамдарга;
2) жарандыгы жок адамдарга;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
4) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандарга;
5) ага карата соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан мурда кылмыш жасаган, же реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугу токтотулгандарга;
6) жеке нотариалдык же адвокаттык ишти өз каалоосу боюнча токтоткон же болбосо нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бергени үчүн мамлекеттик нотариустун кызмат ордунан бошотулган адамдарды кошпогондо, жеке нотариалдык же адвокаттык иште иштөө укугуна лицензиясы кайра чакыртып алынган же токтотулган адам.
2. Лицензия алуу тартиби
7. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыгы менен арыз ээси бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген форма боюнча, лицензия алууга арыз тапшырат.
8. Лицензия алуу үчүн кайрылган адамдардын арызына төмөнкү документтер тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген форма боюнча анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга арыз ээсинин макулдугу;
2) талаптагыдай толтурулган жана колу коюлган, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
4) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же көктөлгөн жана акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (эгерде жогорку билим экинчи жогорку билим катары же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде алынса, биринчи дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү милдеттүү түрдө берилет);
6) өмүр баяны;
7) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Укук коргоо органдарында иштеген адамдар үчүн – берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат–объективканы кошумча тапшыруу зарыл.
Нотариустардын жардамчылары нотариус менен нотариустун жардамчысынын ортосунда түзүлгөн келишимди (эмгек келишимин) кошумча беришет.
9. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензия берүүчүнүн лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңылоо, лицензиянын колдонулушун токтотуу же кайра чакырып алуу жөнүндө актылары жана башка документтер арыз ээсинин лицензиялык делосун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сакталууга тийиш.
3. Лицензиянын мазмуну
10. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аталышы;
2) лицензиянын номери жана берилген датасы, лицензиянын түрү;
3) лицензияланган иштин түрү;
4) жеке нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты, идентификациялык жеке номери;
5) буйруктун датасы жана номери;
6) лицензияны колдонуу мөөнөтү.
11. Универсалдуу жана локалдаштырылган лицензиялар ушул Жобонун 1 жана 2 –тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук форматта таризделет. Лицензиялардын бланктары катуу эсепке алынуучу документтер болуп саналат, коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери болот. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Лицензия жеке нотариустардын электрондук реестрине киргизилет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктары
12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкү ыйгарым укуктарды жүргүзөт;
1) универсалдуу жана локалдаштырылган лицензия берет;
2) лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) лицензиянын колдонулушун токтото турат;
4) лицензиянын колдонулушун калыбына келтирет;
5) лицензиянын колдонулушун узартат;
6) лицензияларды токтотот жана кайра чакыртып алат;
7) лицензияларды кайра тариздөө жол–жобосун жүргүзөт;
8) лицензиялардын дубликаттарын берет;
9) жеке нотариустардын реестрин жүргүзөт.
5. Лицензияны берүү жана кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арызды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү.
Лицензиянын дубликатын берүү
13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
14. Лицензия берүү жөнүндө чечим буйрук менен таризделет.
15. Реестрге маалыматты киргизилген күнү лицензия расмий түрдө берилди деп эсептелет.
16. Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө;
2) лицензиянын жарактуулук мөөнөтү узартылганда.
Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон учурда, жеке нотариус лицензияны кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга милдеттүү.
17. Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө, жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арыз отуз календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
18. Лицензияны кайра жол–жоболоштурууда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
19. Кайра жол–жоболоштурулган лицензияны колдонуу мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
20. Лицензия жоголгон же бузулган учурда, жеке нотариус республикалык маанидеги гезиттердин биринде жоголгон лицензия жөнүндө жарыяны тиркөө менен жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензия бузулган учурда, арызга лицензиянын бузулган бланкы тиркелет.
21. Жеке нотариус тарабынан арыз берилген күндөн тартып лицензиянын жоголгон же бузулган бланкы жараксыз деп эсептелет.
22. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң бурчунда «Дубликат» деген жазуусу бар лицензиянын дубликатын берет.
23. Жеке нотариус Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине административдик жол–жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
24. Лицензияны кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым алынат.
6. Лицензия берүүдөн баш тартуу
25. Лицензияны берүүдөн баш тартуу негиздери:
1) «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган категориядагы жактар үчүн жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө тыюу салуунун болушу;
2) арыз ээси тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилсе;
3) эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
4) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө.
26. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү жана өздүк делосу менен жазуу жүзүндө жиберилет.
27. Арыз ээси административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.
7. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу
28. Лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча токтото туруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун арызы - арызда көрсөтүлгөн, бирок, үч жылдан ашпаган мөөнөткө;
2) жеке нотариустун мамлекеттик же муниципалдык кызматка же башка уюмга кириши - иштөө мезгилине;
3) нотариуста кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу жөнүндө келишимдин жоктугу - мындай келишим түзүлгөнгө жана анын көчүрмөсү Юстиция министрлигине жөнөтүлгөнгө чейин;
4) Жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик - бир айлык мөөнөткө;
5) жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин же нотариустун ишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы - Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү сунуштамасы менен 3 айга;
6) Жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча - 2 айлык мөөнөткө;
7) архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу -бир айлык мөөнөткө;
8) сот жеке нотариусту аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок деп таануу же анын каза болгондугун жарыялоо жөнүндө ишти өндүрүшкө алуусу - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
9) ден соолугунун абалы боюнча нотариалдык ишти жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги (медициналык корутунду болсо);
29. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
30. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
31. Жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
32. Лицензиясынын колдонулушу токтотуу турулган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
33. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумуна (мындан ары – НБМТ) кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
34. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
35. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
8. Лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү
36. Лицензиянын күчү токтотулуп турган мөөнөт аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жеке нотариустун арызы боюнча калыбына келтирилет.
37. Лицензияны токтото турууга негиз болгон бузуулар четтетилген учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү акты түзөт.
38. Лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
39. Нотариус лицензияны калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечимине административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
9. Лицензиянын колдонулушун токтотуу
40. Лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун өз каалоосу боюнча арызы;
2) жаш чегине жетүү;
3) жеке нотариустун каза болгондугу;
4) жеке нотариустун башка жарандыгынын, кош жарандыгынын, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашап туруу укугунун болушу, аны алышы;
5) сот жеке нотариус аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү, дайынсыз жок же каза болгон деп таануусу;
6) жак лицензия алгандан кийин бир жылдын ичинде нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе.
41. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
42. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
43. Жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушун токтотуу жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
44. Лицензиясынын колдонулушу токтотулган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
45. Лицензияны колдонулушун токтотулган жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып НБМТ кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
46. Лицензиянын колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
47. Лицензиянын колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
10. Лицензияны кайра чакыртып алуу
48. Лицензияны кайра чакырып алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) жеке нотариуска карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши;
2) жеке нотариуска карата реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза ишин жана/же кылмыш-жаза куугунтуктоону токтотуу жөнүндө токтомдун болушу;
3) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-7-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун үч жолу токтотулуп турушу;
4) нотариалдык иш-аракеттердин башка адамдар тарабынан, анын ичинде жеке нотариустун жардамчысы тарабынан анын мөөрүн жана квалификацияланган электрондук колтамгасын пайдалануу менен жеке нотариустун атынан жасалышы;
5) нотариалдык архивге архивдик документтердин кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө мөөнөттү 6 айдан ашык бузуу менен берүү;
6) лицензияны колдонууну токтото туруу мезгилинде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
7) жеке нотариалдык кеңсени каттабастан нотариалдык ишти жүргүзүү;
8) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 7-беренесинин талаптарын аткарбоо;
9) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мызамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
10) квалификациялык экзаменди тапшырууга кирүү үчүн анык эмес документтерди же жалган маалыматтарды берүү;
11) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренесин бузуу менен лицензия алуу.
49. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
50. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
51. Жеке нотариустун лицензиясын кайра чакыртып алуу жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
52. Лицензиясы кайра чакыртып алынган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
53. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып НБМТ кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
54. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
55. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
11. Лицензиялардын электрондук реестри
56. Лицензиялардын электрондук реестри берилген лицензиялардын жана алардын укуктук статусун тастыктоочу расмий булак болуп саналат.
57. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги лицензиялардын электрондук реестрин жүргүзөт.
58. Лицензиялардын электрондук реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер болсо);
2) нотариалдык кеңсенин же нотариалдык бюронун юридикалык дареги;
3) байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги жана почта дареги);
4) нотариустун фотосүрөтү (ар бир 10 жылда);
5) лицензиянын мөөнөтү;
6) нотариалдык округ;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензияны токтото туруунун, лицензиянын колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн негизи жана мөөнөтү;
9) лицензиянын колдонулушун токтотуу жана аны кайра чакырып алуунун негизи жана датасы.
59. Лицензиялардын электрондук реестри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат жана нотариустар жөнүндө жалпыга жеткиликтүү маалыматты камтыйт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кирүү чектелген маалыматтар кирбейт.
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
Форма
| |||
ЛИЦЕНЗИЯ № __
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө (на право занятия частной нотариальной деятельностью)
берилди ______________________________________________ выдана _________________________________________________ (фамилия, аты, жөнү) Паспорт ПИН
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «___» ___________ - жылдын № _______ буйругунун негизинде уруксат берилди. (на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» ____________ 20____ года за №___
Лицензия 5 жылга берилди Лицензия выдана на 5 лет
________________________ _____________________ жетекчи (руководитель) (ф.и.о.)
|
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
Форма
ЛОКАЛДАШТЫРЫДГАН | |||
ЛИЦЕНЗИЯ № __-Л
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө (на право занятия частной нотариальной деятельностью)
берилди ______________________________________________ выдана _________________________________________________ (фамилия, аты, жөнү) Паспорт ПИН
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «___» ___________ - жылдын № _______ буйругунун негизинде уруксат берилди. (на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» ____________ 20____ года за №___
Лицензия 5 жылга берилди Лицензия выдана на 5 лет
________________________ _____________________ жетекчи (руководитель) (ф.и.о.)
|
7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо (мындан ары – жобо) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Квалификациялык комиссиясынын (мындан ары – Квалификациялык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Квалификациялык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдагы жети адамдан түзүлөт:
1) Юстиция министрлигинин үч өкүлү, алар кызмат орду боюнча:
2) министрдин нотариат маселелерин тейлеген орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы);
3) нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
4) нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы);
5) Кыргыз Республикасынын Нотариалдык Палатасынын өкүлү – нотариалдык иш боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар жеке нотариус;
6) нотариалдык иш боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик нотариус;
7) жогорку билим берүүчү уюмдардын юридикалык дисциплиналардын окутуучуларынын, ошондой эле илимий кызматкерлердин, аспиранттардын, докторанттардын ичинен илимий юридикалык коомчулуктун эки өкүлү.
3.1. Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси квалификациялык комиссиянын төрагасынын милдетин ал болбогон мезгилде аткарат.
3.2. Юстиция министринин Нотариат маселелерин тейлеген орун басарын жана Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисин кошпогондо, бир эле адам катары менен эки жолудан ашык Квалификациялык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
4. Квалификациялык комиссиянын жеке курамы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
4.1. Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болгон Квалификациялык комиссиянын мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгынын келип чыгышына жол бербөө максатында, Квалификациялык комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинде каралган жакын туугандары тарабынан квалификациялык экзаменге уруксат берүү жөнүндө арыз берилген учурда Квалификациялык комиссиянын жыйындарына катыша албайт.
4.2. Квалификациялык комиссия беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Квалификациялык комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Юстиция министрлигинин квалификациялык комиссиянын жеке курамын бекитүү жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып эсептелет.
2. Квалификациялык комиссиянын функциялары
5. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшырбастан жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын (мындан ары-талапкерлер) арыздарын карайт;
2) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын мамлекеттик же жеке нотариуста такшалуудан өтүү үчүн жиберүү жөнүндө арыздарын карайт;
3) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укукугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө адамдардын арыздарын карайт;
4) кийин тиешелүү чечимди кабыл алуу менен лицензиясы бар адамдардын иш-аракеттерине келип түшкөн даттанууларды карайт;
5) квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүн жана убактысын (ал жылдырылган күндү) белгилейт;
6) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолордун макулдашат;
7) жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алат;
8) талапкерлердин арыздарын апелляциялык тартипте карайт;
Квалификациялык комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
3. Квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу
6. Квалификациялык комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша төрага тарабынан чакырылат жана эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Квалификациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон Квалификациялык комиссиянын мүчөсү өзүнүн (жеке) пикирин жазуу жүзүндө билдирет, ал Квалификациялык комиссиянын протоколуна тиркелет.
7. Квалификациялык экзамен Юстиция министрлигинде жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарынын топтолушуна жараша, бирок алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду Квалификациялык комиссия тарабынан аныкталат.
Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарга квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, орду жана убактысы жөнүндө билдирилет.
8. Экзамендик суроолорунун тизмеси Квалификациялык комиссия менен макулдашылат, Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана жалпыга жетүү үчүн Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
9. Квалификациялык комиссиянын жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер чечими компьютердик тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде кабыл алынат.
Компьютердик тестирлөөнүн натыйжасы компьютердин мониторунда чагылдырылат, аны катчы жазып алат. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин жыйындын протоколу түзүлөт, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Компьютердик тестирлөөнүн алынган жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жана аудио-видео жазуулар Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүндө 3-ай бою серверде сакталат.
10. Квалификациялык комиссиянын жыйынын даярдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Квалификациялык комиссиянын протоколу Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт, анда:
1) жыйынды өткөрүү убактысы жана орду;
2) Квалификациялык комиссиянын курамы (аты-жөнү, кызматы);
3) күн тартиби;
4) 3-айлык такшалуудан өтүүгө уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечим;
5) компьютердик тестирлөөнүн натыйжасында алынган баллдарын саны көрсөтүлөт.
12. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
4. Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүү тартиби
13. Квалификациялык экзаменди тапшырууга “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген адамдарга жол берилет.
14. Квалификациялык экзаменди тапшыруу үчүн талапкер Кыргыз Республикасынын юстиция министринин атына арыз менен кайрылат (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
3-айлык такшалууга талапкерлер, ошондой эле квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия алууга укугу бар адамдар төмөнкү документтерди беришет.
1) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн 3-айлык такшалуудан өтүүгө арыз (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;
2) тийиштүү түрдө толтурулган жана сүрөтү менен жеке колу коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
3) талапкердин инсандыгын тастыктоочу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын тастыктоочу документтер;
4) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгер жогорку юридикалык билим экинчи жогорку билим катары алынса, 1-дипломду милдетүү берүү, же кесептик орто билим диплому берүү);
5) акыркы иштеген жери боюнча же тигилген жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6) берилген күнүн жана ордун көрсөтүү менен акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
7) өмүр баяны;
8) сүрөт (көлөмү: 4х6, түстүү);
9) мурда аскердик кызматты же укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн, мамлекеттик органдарда иштеген адамдарга кызмат өтөө тизмесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (маалымкат-объективка) кошумча берилет;
10) такшалуудан өтүү жөнүндө жеке нотариус менен түзүлгөн келишим;
11) мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
12) жеке папка (скоросшиватель);
13) өздүк ишинин тизмеси.
15. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар, квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат алуу үчүн Юстиция министрлигине төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга арыз (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;
2) такшалуудан өтүүнүн программасы, жеке планы, графиги, такшалуунун жыйынтыктары жөнүндө корутунду, сунуштама кат, белгиленген формадагы коштомчу кат.
Талапкердин документтери Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан өздүк иш түзүлөт.
16. Документтер кабыл алынгандан кийин Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү суроо-талаптарды жиберет:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттуулгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн);
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн), анын ичинде “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууга укуктуу;
3) Республикалык психиатрия жана наркология борбору (наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымат алуу үчүн).
Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
17. Квалификациялык комиссия зарыл болгон учурда талапкер тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу текшерүүгө укуктуу, тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
18. Документтерди текшерүү аяктагандан кийин Квалификациялык комиссия, квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү адамдар киргизилбейт:
1) такшалуу аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде такшалуудан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду бербеген;
2) белгиленген тартипте такшалуудан өтпөгөндөр жана “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген учурларда.
Ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн жүйөлүү себептер боюнча кечиктирилген учурда, талапкер кечиккен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө Квалификациялык комиссияга арыз менен кайрылууга укуктуу.
20. Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартуу адамга, мурда берилген документтер кайтарылып берилет. Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү өздүк ишке тиркелет.
21. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
Компьютердик тестирлөө 120 суроодон турат. Тесттин суроосу суроодон төрт варианттагы жооптон турат.
Талапкер ар бир суроо боюнча сунушталган жооптун вариантын (варианттарын) тандоого, аны тиешелүү түрдө белгилөөгө тийиш.
Ар бир талапкер үчүн тестирлөөнүн суроолору компьютердик тестирлөөнүн электрондук системасы тарабынан Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген суроолордун жалпы санынан автоматтык түрдө жекече түзүлөт.
Талапкерлер компьютердик тестирлөөнү өз каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
Квалификациялык экзамен видеобайкоо камералары орнотулган компьютердик класста өтөт.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзамендин жүрүшүн визуалдык же онлайн видеобайкоо аркылуу байкай алышат.
22. Компьютердик тестирлөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) талапкерлер тестирлөөдөн өтүүнүн эрежелери жөнүндө мамлекеттик же расмий тилде маалымдалышат;
2) Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлердин инсандыгын өздүгүн аныктоо боюнча милдеттүү түрдө жеке колун коюу менен аныктайт, ал эми ал жүйөлүү себептер боюнча жок болбогон учурда (бул жагдайларды тастыктаган тиешелүү документтерди көрсөтүү менен алмаштыруу же жоготуу) - аскердик билети же айдоочулук күбөлүгү болсо;
3) тестирлөө башталаардын алдында Квалификациялык комиссиянын катчысы тестирлөөдөн өтүү боюнча талапкерлерге кеңири нускама берет, компьютердик тестирлөөнүн жол-жобосу боюнча талапкерлердин суроолоруна жооп берет;
4) ден соолугун начар сезген талапкерлер тестирлөө башталганга чейин Квалификациялык комиссиянын катчысына билдириши керек. Алардын жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, Квалификациялык комиссиянын чечими менен бул адамдарды тестирлөө башка күнгө жылдырылышы мүмкүн.
5) квалификациялык экзаменди тапшырууга 120 мүнөт бөлүнөт, убакыт тест башталган учурдан тартып компьютерде белгиленет.
6) тестирлөөнүн натыйжалары компьютерлердин мониторунда чагылдырылат, ал Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан белгиленет.
Тестирлөө баллдык система боюнча бааланат. Тесттин суроосуна ар бир туура жооп үчүн талапкер 1 (бир) упай алат.
23. Тестирлөөгө кечигип келген (жүйөлүү себептер боюнча, бирок 15 мүнөттөн ашык эмес) талапкерлерге Квалификациялык комиссиянын чечими боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
24. Жүйөлүү себептер бюонча тестирлөөгө келбей калган учурда, тестирлөөгө кайрадан киргизүү жөнүндө чечим Квалификациялык комиссия тарабынан талапкердин арызы боюнча кабыл алынат.
25. Экзаменге жүйөлүү себепсиз келбей калган адамга, алты айдан эрте эмес кайра экзамен тапшырууга уруксат берилет.
26. Тестирлөө учурунда талапкерлерге тыюу салынат:
1) жайдан чыгуу, коштоосуз орун которууга;
2) башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө;
3) ар кандай материалдарды жана буюмдарды башка талапкерлер менен алмашууга;
4) тесттик тапшырмаларды сүрөткө тартууга же кайра жазууга;
5) кандайдыр бир буюмдарды (папкаларды, сумкаларды, уюлдук телефондорду, фото, аудио жана видео аппаратураларды жана маалыматты сактоонун жана берүүнүн башка каражаттарын) алып жүрүүгө жана колдонууга.
Талапкер ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бузган учурда, Комиссиянын катчысы жана мүчөлөрү кол койгон четтетүү жөнүндө протоколду түзүү менен тестирлөөдөн четтетилет. Мындай талапкерди тестирлөөнүн жыйынтыктары текшерилбейт.
27. Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, үч күндүн ичинде ага тиешелүү видеожазуунун көчүрмөсү берилет.
Видеожазуу квалификациялык экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүндө сакталат.
28. 84 жана андан ашык суроого туура жооп берген адам универсалдуу лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырды деп эсептелет, бул тесттин жалпы суроолорунун 70 жана андан көп пайызын түзөт.
60 дан 83 суроого чейин туура жооп берген адам локалдаштырылган лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырды деп эсептелет, бул тесттин суроолорунун жалпы санынын 50 жана андан көп пайызын түзөт.
29. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин жыйындын протоколу түзүлүп, ага Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
Квалификациялык комиссиянын жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
Квалификациялык комиссиянын протоколуна экзамендин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Квалификациялык комиссиянын чечими административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
30. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга, квалификациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция Министрлиги тарабынан жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
31. Лицензия берүү жөнүндө буйрук чыккандан кийин, Юстиция министрлиги жети жумушчу күндүн ичинде нотариусту нотариалдык палатанын мүчөлүгүнө киргизүү үчүн Нотариалдык палатага билдирет.
32. Квалификациялык экзаменди тапшырбаган адам 321-пунктта каралган учурларды кошпогондо, стажировкадан өтүү жөнүндө арыз менен, бирок алты айдан эрте эмес убакытта кайрылууга укуктуу.
Мындай учурда, мурда берилген документтер талапкерге кайтарылып берилет.
321. Квалификациялык экзаменде жалпы тесттин суроолорунун 50 пайызын же андан көбүн түзгөн, 60 жана андан жогору балл алган адам Кыргыз Республикасынын Нотариалдык Палатасынын алдындагы «Нотариат мектеби» окуу борборунда эки жумалык такшалуудан өтүүгө укуктуу.
Такшалуу аяктагандан кийин талапкер квалификациялык экзаменге кайрадан киргизүү жөнүндө арыз менен кайрыла алат.
Такшалуунун программасы Кыргыз Республикасынын Нотариалдык Палатасынын алдындагы «Нотариат мектеби» окуу борбору тарабынан түзүлөт.
33. Лицензия алуу үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү жөнүндө кабардар болгон, бирок экзаменди тапшыууга келбей калган адамга документтер кайтарылып берилет.
Жүйөлүү себептер болгон учурда, талапкер квалификациялык экзаменди тапшыруу күнүн бир кыйла кийинки мөөнөткө жылдыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
34. Квалификациялык комиссиянын протоколунун көчүрмөсү жеке нотариустун өздүк ишине тиркелет.
Жеке нотариустардын өздүк иши Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.