Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ жана өз ишин толук чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Дан" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Дан" МИ;
- расмий тилде: ГП "Дан";
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Памир Тольятти көчөсү, 1.
8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Маммүлктүн актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары болот.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын ишинин предмети болуп Мамлекеттик материалдык резервге коюлуучу азык-түлүк буудай данын сактоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2. Ишкананын ишинин максаты
13. Ишкананын ишинин максаты азык-түлүк буудай данын, буудайдан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнөн алынган продукттарды сактоо, майдалоо жана кайра иштетүү жолу менен мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында киреше алуу болуп саналат.
3. Ишкананын милдеттери
14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
- буудайды, буудайдан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнөн алынган продукттарды сактоо, майдалоо жана кайра иштетүү;
- буудайды, буудайдан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнөн алынган продукттарды ички рынокто, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке жана юридикалык жактарга сатуу;
- Ишканага өткөрүп берилген мамлекеттин менчигинде турган мүлктү башкаруу;
- функционалдык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу.
4. Ишкананын функциялары
15. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында буудайды, буудайды жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүдөн алынган продукттарды сактоо, майдалоо, кайра иштетүү жана сатуу;
- илимий-техникалык, изилдөө, издөө, инновациялык ишти, долбоорлоо-сметалык жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүзөгө ашыруу;
- Ишкананын кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү белгиленген тартипте пайдалануу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн, тигил же бул эл керектөөчү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу-сатуу принциби боюнча коммерциялык иш жүргүзүү;
- ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына ылайык келген башка функциялар.
5. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- продукцияларды, товарларды, керектүү материалдарды жана буюмдарды дүң жана чекене соода тартибинде кооперативдерден, ошондой эле жарандардан сатып алууга;
- материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен сатып алууга;
- юридикалык жана жеке жактардан буудайды, буудайды жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүдөн алынган продукттарды, эл керектөөчү зарыл товарларды белгиленген тартипте сатып алууга;
- рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
- кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин зарыл болгон учурда иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жөнөтүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- өзүнө бекитилген мүлктү юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
- Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик жүргүзүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ага берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана пайдалануудан пайда алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- белгиленген мөөнөттө Маммүлккө бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө ар кварталдык жана ар жылдык отчет берип турууга;
- коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматгарды жашыруун сактоого милдеттүү.
6. Маммүлктүн компетенциясы
19. Маммүлктүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- жылдык бюджеттин долбоорун, Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын жана финансы-чарбалык ишин ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын башкы директору кызматына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын башкы директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча Ишкананын башкы директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык, юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Ишкананын башкы директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
- Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Маммүлктүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Маммүлк төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага иштин тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- Ишкананын башкы директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын башкы директорунун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга;
- Ишкананын башкы директорунун отчетторун угууга;
- Ишканага таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
- Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
- Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
21. Маммүлк төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын башкы директору жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
7. Ишкананын ишин уюштуруу
22. Ишкананын ишин башкы директор жетектейт.
23. Ишкананын башкы директору Маммүлктүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын башкы директору кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
24. Башкы директор Маммүлктүн жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
25. Ишкананын башкы директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ар кварталдык (жылдык) финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. Ишкананын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Маммүлккө бекитүүгө киргизүү;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу;
- Маммүлктүн чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- Маммүлк менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Маммүлккө кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
28. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Маммүлктүн суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Маммүлктүн кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөлөрүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын башкы директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын башкы директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт жана анын кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- өз компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоого жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, иштөө режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Маммүлк менен макулдашуу боюнча эсепке алуу саясатын бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;
- орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Ишкананын кызматкерлеринин Ишкананын компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын аныктайт;
- финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Маммүлккө ушул Уставга, рыноктун конъюнктурасына жана эмгек шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
31. Ишкананын башкы директору:
- жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишканада башка директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган.
Ишкананын башкы директорунун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын башкы директорунун орун басарлары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директорунун орун басарлары түздөн-түз башкы директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.
33. Ишкананын башкы директору жок учурда Ишкананын ишин башкы директордун орун басары жетектейт, ал Ишкананын башкы директорунун тиешелүү буйругу менен аныкталат.
Ишкананын башкы директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Маммүлктүн тиешелүү буйругунун негизинде Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
34. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Ишкананын башкы директоруна түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
35. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө болгон мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
36. Ишкана бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
37. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетту Маммүлккө берет.
38. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын жана Ишкананын орто мөөнөттүү 3 жылдык стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
39. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
40. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
41. Ишкана финансы-чарбалык ишти Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык жана андан көп мезгилге иштелип чыгат, Маммүлк тарабынан бекитилет.
42. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын максаттарынын жана ишинин негизги багыттарынын туюндурмасы;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалынын бааланышы;
- уюштуруу планы;
- финансылык планы;
- тобокелдиктерди талдоо.
43. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын башкы директору Маммүлккө келерки жылга карата Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
44. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
45. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
46. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
47. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Ишканага бекитилип берилген.
48. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ага Маммүлк тарабынан берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, натыйжалар, продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун гранттары, кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка бардык булактар.
49. Финансы-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке келип түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
50. Ишкана экономикалык максатка ылайыктуулугун жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен мүлктү уставдык максаттарга жана ишинин предметине ылайык пайдаланат.
51. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө андан ары республикалык бюджетке жиберүү менен Маммүлктүн алыш-бериш эсебине ал бекиткен өлчөмгө ылайык таза пайданын бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот.
52. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
10. Корутунду жоболор
53. Ишкана өзүнүн ишинде Маммүлккө отчет берет.
54. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
55. Ишкана кайра уюштурулган жана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.