Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин
2024-жылдын 30-июлундагы
№ 456 буйругу менен бекитилген)
“Бюджеттик каржылоонун көлөмүнөн тышкары
стоматологиялык жардам көрсөтүү”
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
СТАНДАРТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12- июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 2-бөлүмүнүн 19-пункту)
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Көрсөтүлүүчү кызматтын аталышы
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-бөлүмүнүн, 19-пунктундагы бюджеттик каржылоонун көлөмүнөн тышкары стоматологиялык жардам көрсөтүү. | |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары Кыргыз Республикасынын ИИМдин); Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн медициналык кызматтары. | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | - Ички иштер органдарынын кенже, орто,улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматкерлери (мындан ары ИИО) жана Ички аскерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар, чогуу жашаган ата-энелер); - катардагы курамдын кызматкерлери (курсанттар), ички аскерлердин контракттык мөөнөттөн ашык кызматтагы жана мөөнөттүү аскер кызматындагы аскер кызматчылары, ИИОнун эркин жалданма курамы; - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиеватындагы Академиясынын угуучулары, үй-бүлө мүчөлөрүсүз; - ИИОнун, ички аскерлердин ардагерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; - кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон ИИОнун жана ички аскерлердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү; - башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери (прокуратура органдары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги). | |
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери
| - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - “Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; -“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому. | |
5. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Акыркы натыйжасы
| Акыркы натыйжа төмөндөгүлөрдүн бири же бир нечеси болушу мүмкүн: - тиштин анатомиялык формасын дарылоо жана калыбына келтирүү, тишти жаңылоо, косметикалык кемчиликтерди жоюу; - чайноо функциясын жана эстетикасын калыбына келтирүү; - кеңеш берүү жана сунуштар. | |
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары
| Кызмат көрсөтүү төмөндөгүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - жандуу кезек принциби боюнча, белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; Жайларды күтүү үчүн орундар, даратканалар (короодогу - борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн медициналык кызматтарында), жылытуу системасы, суу түтүктөрү жана телефон менен жайгаштырат. - имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана таяныч кыймылдоо аппаратынын бузулуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары калктын аз мобилдүү тобу) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган (имараттарга, жайларга) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгү бар болгондо; - Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдеш адамдар, калктын аз мобилдүү тобу, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Курч оору, ириңдүү-сезгенүү процесстери жана жаак-бет травмасы болгондо кечиктирилгис жардамга муктаж бейтаптар кезексиз тейленет. | |
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү | Кезек күтүү убактысы - 30 мүнөткө чейин. Көрсөтүлгөн кызматты берүү мөөнөтү - 20 мүнөт же андан көп оорулардын оордугуна жараша. | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо | |||
8. | Керектөөчүгө Берилүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынан алууга болот; Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу түрүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке байланышкан учурда); Мамлекеттик кызмат тууралуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. | |
9. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөндөгүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - ММК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Кыргыз Республикасынын ИИМдин https://mvd.gov.kg сайты; -маалымат такталары, китепчелер жана буклеттер; Даректер, телефон номерлери жана иштөө графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге стендге, Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтында жайгаштырылат. | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10. | Келүүчүлөр менен баарлашуу
| Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын бейтапканасынын стоматологиялык бөлүмчөсүндө жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн медициналык кызматтарында кызмат көрсөткөн кызматкерлердин (адистердин)иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызматы көрсөтүлгөн жеке көрнөктөрү (бейджиктери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылыктыкты, достукту, тууралыкты, чыдамкайлыкты, принципиалдуулукту, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуу менен анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин себептерин көрсөтүү. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоо, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгаруусу тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча калктын аз мобилдүү тобу (ден соолугу чектелген адамдар, улгайган жарандар, согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызматты көрсөтүү алар үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада жүргүзүлөт. | |
11. | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
| Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн. | |
12. | Керектүү документтердин жана/ же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттердин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - кызматтык күбөлүгүн же пенсиялык күбөлүгүн көрсөтүү; - үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өздүгүн тастыктаган документтери (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жана кадрлар бөлүмүнөн, үй-бүлөө мүчөлөрү жөнүндө маалым катты көрсөтүү; -жеңилдик категориясын тастыктаган документти көрсөтүү; -стоматологиялык бейтаптын амбулатордук картасын алуу; - тиешелүү адистен дарылануу жана төлөөгө эсепти алуу; - төлөмдү жүргүзүү. Жеке маалымат субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарын кимдир бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет жана “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бересинде каралган учурларды кошпогондо, аны алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берген формада эркин, аң-сезимдүү жана чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берет. Жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу кагаз жүзүндө же болбосо электрондук кол тамга жүзүндө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документ формасында билдирилиши керек. | |
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы, монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баа тизмесинде чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин стенддинде жана расмий сайтында (https://mvd.gov.kg) жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, тыл эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, калктын аз мобилдүү тобуна Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акысыз негизде көрсөтүлөт. | |
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ишенимдүүлүк жана өз убагында көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык көрсөтүү; - жынысы, расасы, тили, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардын кызмат алуусу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ылайыктуулугу: калктын аз мобилдүү тобу үчүн имаратка, жайга кирүүсү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - эстетикалык, косметикалык кемчиликтерге даттануулардын жоктугу; - алган кызматтына бейтаптын канааттануусу; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу. | |
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт.
| |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - алуучунун ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген керектүү документтердин алуучу тарабынан берилбегенде; - кызмат алуучу наркотикалык жана алкоголдук мас абалында келгенде; - кызмат алуучу жүрүш-турушу талаптагыдай болбогондо жана коомдук тартипти бузганда. | |
17. | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, керектөөчу Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигине жазуу жүзүндө, электрондук түрдө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номуру, ошондой эле доонун маңызы,кызмат алуучунун колу жана күнү камтылууга тийиш. Электрондук даттануу https://mvd.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук дарекке берилет. Электрондук даттануу дамилдеттүү түрдө, көрсөтүлгөн кызматты алуучунун толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номуру, даттануунун маңызы камтылууга тийиш. Даттанууларды кароо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турушу керек. | |