Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 424 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Коргоо министрлиги) Күжүрмөн туусу жана символика белгиси аскердик ар-намыстын, каармандыктын, даңктын символу болуп эсептелет жана Коргоо министрлигинин ар бир аскер кызматчысына Ата Мекенди коргоонун баатырдык салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2-глава. Сыпаттама бөлүк
2. Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу (1-тиркеме) кызыл түстөгү жибек кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездеме энинен турат. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеме энинин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон. Тышкы жана арткы беттеринде кездеме энинин ортосунда Коргоо министрлигинин символика белгиси жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеме энинин туурасына карата катышы - экиден бир. Кездеме энинин тышкы бетинде символика белгисинин астында сары (алтын) түстөгү мамлекеттик тилдеги "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ" деген жазуу жайгашкан. Кездеме энинин арткы бетинде символика белгисинин астында сары (алтын) түстөгү расмий тилдеги "МИНИСТЕРСТВО ОБОРОНЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген жазуу жайгашкан.
Күжүрмөн туунун сабы диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан. Сап кочкул күрөң түстө, лакталган. Саптын жогорку учунда 340 мм узундуктагы жогору көздөй учталган, төмөн жагы 130 мм болгон беш бурчтуу жылдыз чагылдырылып, алтын жалатылган фигуралуу темир бар.
Күжүрмөн туунун боосу эшилген, сары (алтын) түстө, учтарында эки чачысы бар. Боонун узундугу 2800 мм. Боо Күжүрмөн туунун учунун төмөн жагына бекитилет, боонун учунун узундугуна карата катышы - үчтөн эки.
3. Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр басылган айнек капкактын астындагы секичеде сакталат жана Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн иши менен байланышкан салтанаттуу иш-чараларда алып чыгарылат.
4. Коргоо министрлигинин символика белгиси (2-тиркеме) канаттары жайылган шумкарды элестетет. Шумкардын төшүндө ылдыйды карай созулган калкан жайгашкан. Калкандын четтери эки катар кыюу менен жээктелген. Калкандын борборунда Кыргыз Республикасынын символикасынын элементи - күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн, алтын түстөгү тегиз чачыраган түз кырк нурлуу тегерек күн алкагы жайгаштырылган. Шумкардын оң бутунда учу жогору каратылган кылычты, сол бутунда эмен бутагын кармап турат. Коргоо министрлигинин символика белгиси сары (алтын) түстө аткарылган. Айрым учурларда Коргоо министрлигинин символика белгиси түстүү чагылдырууда жана лавр түрмөгүнүн курчоосунда аткарылышы мүмкүн.
3-глава. Корутунду жоболор
5. Коргоо министрлигинин символика белгисинин сүрөтү Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймактарын жана имараттарын жасалгалоодо Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин тууларында, Коргоо министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө жана штамптарында, документтердин бланктарында жана Коргоо министрлигинин расмий басылмаларында, Коргоо министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде, Коргоо министрлигинин аскер техникасында жана аскер кызматчыларынын аскер кийиминин элементтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коргоо министринин чечими боюнча башка учурларда колдонулат.
6. Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусун жана символика белгисин башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар пайдаланууга болбойт. Аларды бурмалоого, бузууга жана башка ушундай мүнөздөгү аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусунун СҮРӨТҮ
Тышкы бети
Арткы бети
|
| Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин символика белгисинин СҮРӨТҮ