Редакцияот 27.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 27-июну № 2317-VII

Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- 2035-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасында көрсөтүлгөн иш-чаралар планын так аткарууну;

- күз-кыш мезгилинде энергия тутумунун туруктуу иштеши жана республиканын калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону;

- Токтогул ГЭСинин каскадында авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин контролдоону күчөтүүнү;

- тармактагы каражаттардын тартыштыгын жоюу боюнча туруктуу каржылоо булактарын;

- мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча энергия иштеп чыгуучу объекттерди курууну;

- энергетика секторунда ачык-айкындуулукка жетишүү үчүн заманбап технологияларды колдонууну;

- Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна отун жагууда зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу үчүн заманбап атайын чыпкаларды жана күл топтоочу жабдууларды орнотуу боюнча туруктуу чараларды көрүүнү.

3. Ар бир жылдын 1-сентябрына чейин 2035-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасын ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

                Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев