КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-июну № 2322-VII
"Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2024-жылдын 3-октябрына чейин узартылсын.
2. "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2024-жылдын 3-октябрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |