КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 139
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |