КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-июлу № 147
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
73-берене төмөнкүдөй мазмундагы 111-бөлүк менен толукталсын:
"111. Ушул берененин 5-7, 10 жана 11-бөлүктөрүнүн жоболору чет мамлекеттин соту тарабынан эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарылган жана жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 41-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан абактын конкреттүү түрү аныкталып, Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемелерине которулган соттолгондорго жайылтылбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 67-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, өзүнүн токтомунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин соту дайындаган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келген абактын түрүн аныктайт.
Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемесинин түрүнүн жана режиминин чет мамлекеттин соту тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келиши эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.";
2) 80-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, ушул Кодекстин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин сотунун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин чет мамлекеттин соту тарабынан белгиленген камакта кармоо убактысын эсепке алуу тартибин колдонот.
Эгерде бул Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналса, ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 12-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |