Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтомуна) |
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384, 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн каражаттарды өндүрүү маселелерин, ошондой эле бул бузууларды ачкан жана тариздеген адамдарды (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) сыйлоо маселелерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Өндүрүлгөн доолор боюнча топтоо эсебин түзүүнүн тартиби
2. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн доолорду төлөөдөн түшкөн каражаттар айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын топтоо эсебине жайгаштыруу менен республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүүлөрдөн түшкөн акча каражаттарынын суммалары боюнча салыштыруу актысын түзөт.
4. Топтоо эсебине түшкөн доолордун суммасынан 50 пайыз өлчөмүндөгү каражат (салыштыруу актысынын негизинде) отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьердик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) акчалай сыйлык төлөө үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которулат.
5. Каражаттарды чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каражаттарды тескөөчү жана максаттуу пайдалануу үчүн жооптуу жак болуп саналат.
3-глава. Доолорду алуу жана сый акы каражаттарын төлөө тартиби
7. Мамлекеттик инспекторлор (айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери) тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык алар боюнча протоколдор түзүлөт.
8. Доолордун суммаларын ыктыярдуу төлөөдө жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө квитанциялар Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик табылган жерлердин аймактык жайгашуусуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук башкармалыктарына берилет. Доо суммаларын ыктыярдуу төлөөдөн баш тарткан учурда түзүлгөн протоколдор боюнча иштер белгиленген тартипте укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.
9. Жарандар жана коомдук инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык алар боюнча актылар түзүлөт.
10. Түзүлгөн протоколдор жана актылар аларды түзүүчүлөргө конкреттүү иштер (протоколдор жана актылар) боюнча келип түшкөн доолордун суммасынан (ыктыярдуу негизде же сот тартибинде) 50 пайыз өлчөмүндө акчалай сыйлык төлөө үчүн негиз болуп саналат.
11. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар жана браконьерлик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөргө) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн топтоо эсебине түшкөн доолордун өндүрүлгөн суммаларынан 50 пайыз акчалай сыйлык төлөнөт. Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын жана браконьерликтин аныкталган фактылары боюнча кол коюлган протоколдордун жана актылардын негизинде айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктары тийиштүү протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөрдүн жеке банктык эсептерине которуу жолу менен сый акы каражаттарын төлөйт.
12. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар жана браконьерлик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөргө) акчалай сыйлык төлөө боюнча бардык жол-жоболор белгиленген отчеттор берилгенден кийин жүргүзүлөт.