ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 7/9
Кызыл-Жылдыз айылындагы «Жаңы тилек-Чагалдак» атындагы бала бакчасына оперативдүү башкаруу укугу мененЖерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз (Кара-Чий) айылындагы кампанын алты бөлүгүн бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы «Жаңы тилек-Чагалдак» атындагы бала бакчасынын жетекчиси Э.Керимбаеванын 2023-жылдын 03-октябрындагы жазган кайрылуу каты канааттандырылсын.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз (Кара-Чий) айылындагы 4-05-12-1003-0373 идентификациялык номериндеги кампанын алты бөлүгүн (354 м2) «Жаңы тилек-Чагалдак» атындагы бала бакчасына оперативдүү башкаруу укугу менен бакчанын балдарынажер-жемиш өсүмдүктөрүн айдап өстүрүүгө күнөскана куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Шаарбек уулу Б. |