ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/2
Жерге-Тал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба депортаменти тарабынан үрөн чарбалык, асыл тукум жана артыкчылыктуу субъектилерге багытталган 50% айдоо жер аянтынын коэффицентин бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба депортаменти тарабынан үрөн чарбалык, асыл тукум жана артыкчылыктуу субъектилерге багытталган 50% айдоо жер аянтынын коэффицентин бекитүү жөнүндө Жерге-Тал айыл аймагынын жер, агрардык, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча бөлүмдүн башкы адиси К.Таалайбековдум баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба депортаменти тарабынан үрөн чарбалык, асыл тукум жана артыкчылыктуу субъектилерге багытталган 50% айдоо жер аянты өткөрүп алынып мөөнөтү бүткөн жер аянттары конкурска коюлуп, ижарага берүү акысынын өлчөмү төмөнкү формуланын негизинде берилсин;
ИАı=Нı хКЯ- 1га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын суммасы.
Сб- жер салыктын ставкасы.
К- барабар коэффицент.
30- чындыгында сугарылган жер.
20- жерди сугаруу кыйын.
10- сугаруунун жоктугу.
Бул градация сугат айдоо жерлери үчүн гана колдонулгандыктан калган учурларда 30 деген колдонулаарын эске алып;
30 коэффицент менен сугарылган жер аянтынын баасы 1га жер -6120 (алты миң бир жүз жыйырма) сом.
20 коэффицент менен сугарылган жер аянтынын баасы 1га жер -1140 (бир миң бир жүз кырк) сом.
10 коэффицент менен сугарылган жер аянтынын баасы 1га жер -540 (беш жүз кырк) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Шаарбек у Б. |