Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/5
Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жана электр жабдууларын ремонттоого өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жана электр жабдууларын ремонттоо долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жана электр жабдууларын ремонттоо долбоору Нарын райондук өнүктүрүү фондуна жалпы суммасынын 25 пайызы 309 122 (үч жүз тогуз миң бир жүз жыйырма эки) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Шаарбек у Б. |