Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 29-июлу № 155
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 24-февралы, № 14) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 5-бөлүгүндө "дубликат" деген сөз "сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-берененин 1-бөлүгүндө "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-августундагы № 58 (3612) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |