Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/7

Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын курууга өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын курууга «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун долбооруна көрсөтүлүп жалпы сметалык наркы 4 777 530 (төрт миллион жети жүз жетимиш жети миң беш жүз отуз) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын куруу долбоору жактырылсын.

2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 955 506 (тогуз жүз элүү беш миң беш жүз алты) сом акча каражаты каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Шаарбек у Б.