Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/8

Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Жерге-Тал айылындагы борбордук паркына өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоору Нарын райондук өнүктүрүү фондуна жалпы суммасынын 25 пайызы 737 930 (жети жүз отуз жети миң тогуз жүз отуз) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

 Төрага

Шаарбек у Б.