ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/10
Казан-Куйган айылындагы эски жатаканын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Казан-Куйган айылындагы эски жатаканын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун долбооруна көрсөтүлүп жалпы сметалык наркы 3 067 620 (үч миллион алтымыш жети миң алты жүз жыйырма) сомду түзгөн Казан-Куйган айылындагы эски жатакананын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 613 524 (алты жүз он үч миң беш жүз жыйырма төрт) сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |