ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/11
Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 522 500 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (сом) |
1 | Архитектура сметасына | 296 780 |
2 | РЭС | 18146 |
3 | Кадастр мамлекеттик мекемесине | 23184 |
4 | ЦОН | 1967 |
5 | Кол тамга (Рутокен) | 3600 |
6 | Веб-сайт (https://zhergetal.gov.kg) | 1000 |
7 | Гипрозем | 9031 |
8 | Камсыздандыруу | 59418 |
9 | Токой чарбага | 880 |
10 | «Таза Жерге-Тал» МИ (Жалгыз-Терек айылынын таза суу долбоору боюнча аз камсыз үй-бүлөөлөр үчүн) | 100 000 |
11 | Теңир Тоо гезити | 8494 |
Жалпы | 522 500 сом | |
Баары – 522 500 (беш жүз жыйырма эки миң беш жүз) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек у Б. |