ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/12
Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 39000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (сом) |
1 | Веб-сайт (https://zhergetal.gov.kg) | 39000 |
Баары – 39000 (отуз тогуз миң) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек у Б. |