ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/13
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык каражаттан атайын таш майдалоочу жабдыктарды алууга өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктусуна ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбекдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорду ишке ашыруу максатында 2023-жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык каражаттан атайын таш майдалоочу жабдыктарды алуу үчүн Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 275 200 (бир миллион эки жүз жетимиш беш миң эки жүз) сом акча каражаты каралсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Шаарбек у Б. |