Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2023-жылдын 26-декабры № 9/3 

Республикалык бюджеттен Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын өздүк эсебине которуп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктусуна ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбекдун 21.12.2023-жылдагы №02-20/279 кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын өздүк эсебине которуп берилсин.

2. «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын өздүк эсебине которулган 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты долбоордун негизинде атайын таш майдалоочу жабдыктарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдалансын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын долбоордун негизинде максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.