Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2023-жылдын 26-декабры № 9/4

Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 121 000 сом акча каражатынын сметасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 беренеси жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровдун 2023-жылдын 21-декабырындагы №7 сандуу кайрылуу катын талкуулап,Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 121 000 (бир жүз жыйырма бир миң) сом өлчөмүндөгү сметасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.              Акча каражаттын сарпталышы бекитилген сметага ылайык жүргүзүлсүн.

3.              Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.

 

 

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык

кеңешинин XXVIII чакырылышынын

IХ кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

26-декабрындагы №9/4 токтому менен

бекитилген 1-тиркеме.

 

 

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын

121 000 (бир жүз жыйырма бир миң) сом өлчөмүндөгү сметасы.

 

№

Аталышы

Сумма

(сом)

1

Кызыл-Жылдыз айылына таза суу эсептегич алууга

35 600

2

ГФР жана башка карыздарды төлөөгө

45 400

3

Кызыл-Жылдыз айылынын таза суунун насосунун электр энергиясы үчүн

20 000

4

Күйүүчү майга

20 000

Жалпы:

121 000 сом