Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 101/XXX – 1
“Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 1 - жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэринин отчету
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 12 - пунктунун негизинде, “Кайыңды шаардык мэриясынын бюджетинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэринин отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчету эске алынсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |