Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 102/XXX – 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине пландан тышкары айыл чарбалык эмес багытындагы сатуудан алынуучу салыктан 2024 – жылдын 1 – жарым жылдыгында - 6665,7 миң сом суммасындагы кирешенин тушкөнүнө жана айыл чарбалык эмес жер налогунан - 8412,3 миң сом суммасындагы кирешенин түшкөнүнө байланыштуу , Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү көбөйсүн. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 – жылдын 1 – августундагы № 433 “Мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун негизинде, «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» катын карап чыгып , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаардык кеңешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн кызматкерлерине, техникалык камсыздоо кызматкерлерине жана мэриянын кенже тейлөө кызматкерлерине 2024-жылдын 1- июлунан тартып кызматтык маянанын 60% өлчөмүндө ай сайын үстөк акы белгиленсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн штаттык тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, 1 штаттык бирдик – атайын техниканын айдоочусу (авто мунара) киргизилсин, алар Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине ашыкча түшкөн кирешелерден каржылансын.
3. 2024-жылдын 1 – июлунан тартып Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн атайын техниканын айдоочуларына 15,0 миң сомдон жана ар кандай жумуштарды аткарган жумушчуларга 12,0 миң сом өлчөмүндө ай сайын үстөк акылар белгиленсин.
4.Кайыңды шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча өзгөртүлгөн иш-чаралардын планы бекитилсин жана мектепке чейинки «Улыбка» бала бакчасынын инфраструктурасын оңдоо жана куруу иштерин токтотулуп Кайыңды шаарынын айрым ички көчөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлсүн, 3111 - «Имараттар жана курулмалар» беренесинин негизинде - 22500,0 миң сом суммасына.
5. 01.07. 2024 - жылдан тартып “Каинда – Сервис” МИ нын штаттык тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, сантехниктер 2 штатка көбөйсүн, аны каржылоо Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен каралсын. Ошондой эле, 2024-жылдын 1 – июлунан тартып «Каинда - Сервис» МИ нын 5 сантехнигинин айлык акысына 12 миң сомго жогорулатуу белгиленсин
6. «Каинда » МФК на - 1250,0 миң сом суммасындагы кошумча акча каражаты бөлүнсүн.
7.2024-жылга Кайыңды шаарындагы мектептердин окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого - 360,0 миң сом суммасындагы акча каражаты табылсын.
8.Кайыӊды шаарынын мэрине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине үстөк акыларды жана алар үчүн кызматтык маяналарды жана үстөктөрдү белгилөө укугу сакталсын.
9.Бюджеттик мекемелердин, ишканалардын жетекчилерин беш күндүк мөөнөттө бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын берүүгө жана бөлүнгөн каражаттардын чегинде алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга милдеттендирилсин.
10.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |