Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 105/XXX – 5
II - топтогу майыпка, жаш баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Дуйшенкулова Мира Омуржановнага муниципалдык батирди берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жалпы оорудан, өндүрүштүк мертинүүдөн же кесиптик оорудан улам майыптардын жана аскер кызматчыларынын ичинен I - жана II - топтогу майыптардын турак - жай шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Турак - жай кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн, беренесинин 5 – пунктунун, 2 – бөлүгүнүн негизинде, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 18-беренелеринин негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 5-пунктунун жана 27 – беренесинин , 2 – пунктунун, 1 – бөлүгүнүн негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайынды шаарынын Коммунистическая 5 квартира 1 дарегинде жайгашкан муниципалдык батирди, II – топтогу майып, жаш баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Дуйшенкулова Мира Омуржановнанын жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык батирди кабыл алууну жана өткөрүп берүүнү (кайра каттоону) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында жүргүзүшсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |