Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 106/XXX – 6
Кайыңды шаардык кеңешине катчынын 1 - штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024 – жылындагы № 52 - токтомунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаардык кеңешине катчынын 1 – штаттык бирдиги киргизилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |