Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 107/XXX – 7
Атайын техниканы (авто мунара ) пайдалануу үчүн ижара акысын бекитүү жөнүндө
Атайын техниканы (авто мунара) эксплуатациялоонун 1- машина - саатына кеткен чыгымдын эсебин карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Атайын техниканы (авто мунара) пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- юридикалык жактар үчүн – 1 сааттык иш үчүн 3500 сом
- жеке жактарга – 1 сааттык иш үчүн 2500 сом
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |