Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 26-июлу № 149
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити. 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
80-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелет.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 61-берене менен толукталсын:
Соттуулукту жоюуга жана алып салууга карата 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген эрежелер Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга жайылтылат, буга көрсөтүлгөн адамдардын кылмыштуу жосундарынын кылмыш-жаза-укуктук кесепеттери Кылмыш-жаза кодексинде жеңилдетилген учурлар кирбейт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелеринин жоболору 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонулат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |