ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/9
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ветеринардык жактан малдарды тейлөөдө көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринария боюнча бөлүмдүн жетектөөчү адиси Н.Тенитиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 26-декабрындагы №5 протоколунун корутундусу жактырылсын.
2. Төмөндөгү ветеринардык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн баалары бекитилсин:
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | саны | сом | ||
Жылкы, уй, кой, эчки, ит, канаттуу | |||||
1 | Ветеринардык кызматкерди чакыруу |
| 20 | ||
2 | Клиникалык кароо кеңеш берүү |
| 50 | ||
Алдын ала жугуштуу ооруларга карата эмдөө боюнча кызмат көрсөтүү | |||||
1 | Сибир жарасына каршы эмдөө | 1 баш | 20 | ||
2 | Шарп оорусуна каршы эмдөө | 1 | 20 | ||
3 | Карасан оорусуна каршы эмдөө | 1 | 30 | ||
4 | Чума оорусуна каршы эмдөө | 1 | 10 | ||
5 | Кутурма оорусуна каршы эмдөө | 1 | 10 | ||
6 | Күл оорусуна каршы эмдөө | 1 | 10 | ||
7 | Бруцеллёз оорусуна каршы эмдөө РЕВ-1 | 1 | 10 | ||
8 | Бруцеллёз оорусуна каршы эмдөө штамм-19 | 1 | 20 | ||
Хирургиялык кызмат көрсөтүү | |||||
1 | Жылкы бычуу | 1 | 500 | ||
2 | Бука бычуу | 1 | 100 | ||
3 | Кочкор, теке бычуу | 1 | 70 | ||
4 | Козу, улак бычуу | 1 | 20 | ||
5 | Уй мүйүзүн кесүү | 1 | 200 | ||
6 | Туяк кесүү | 1 | 100 | ||
7 | Жылкы, уйга туут убагында жардам берүү | 1 | 200 | ||
8 | Кой, эчкиге туут убагында жардам берүү | 1 | 100 | ||
9 | Кесерово сечение майда жандык | 1 | 200 | ||
10 | Уйга кесерово сечение жасоо | 1 | 1000 | ||
11 | Карынга, ичегиге операция жасоо | 1 | 500 | ||
12 | Уйдун түшүп калган жатынын аныктоо жана дарылоо | 1 | 300 | ||
13 | Кой, эчкинин калган жатынын аныктоо жана дарылоо | 1 | 150 | ||
14 | Ириңдүү жараны жарып дарылоо | 1 | 200 | ||
15 | Уйдун көзүнүн чел этин кесип алуу | 1 | 100 | ||
16 | Кой, эчки, козу, улактын көзүнүн чел этин кесип алуу | 1 | 50 | ||
17 | Сынган жерге шакшак коюу | 1 | 300 | ||
18 | Жылкынын ууру тишин чагуу | 1 | 100 | ||
Идентификациядан өткөрүү | |||||
1 | Жылкыларга чип басуу | 1 | 150 | ||
2 | Ири мүйүздүү малдарга бирка басуу | 1 | 100 | ||
Серологиялык изилдөө | |||||
1 | Жылкыдан кан алуу | 1 | 30 | ||
2 | Уйдан кан алуу | 1 | 30 | ||
3 | Кочкордон кан алуу | 1 | 20 | ||
Дегельминтизациялоо | |||||
1 | Уй, жылкыга кургак альбен берүү | 1 | 30 | ||
2 | Уй, жылкыга суюк альбен берүү | 1 | 15 | ||
3 | Кой, эчкиге кургак альбен берүү | 1 | 15 | ||
4 | Кой, эчкиге суюк альбен берүү | 1 | 5 | ||
5 | Итке азинокс берүү | 1 | 10 | ||
Аллергиялык изилдөө | |||||
1 | Туберкулинизация | 1 | 50 | ||
2 | Офтальмаллеинизация | 1 | 30 | ||
3 | Бодо малга венасына дары кую | 1 | 100 | ||
Ройондун аймагынан сыртка чыгуучу тирүү малдарга клиникалык кароо жүргүзүү жана базарга алып барып сатууга справка берүү формасы №1 | |||||
1 | Жылкы, уй | 1 | 100 | ||
2 | Кой, эчки | 1 | 20 | ||
3 | Коен жана канаттууларга | 100 баш | 20 | ||
4 | Ит, мышык | 1 | 20 | ||
5 | Аары челеги | 1 челек | 20 | ||
Мал чарбачылыгынан алынган продукцияларды кароо формасы №2 эт продукциясы | |||||
1 | Жылкы, уй эти | 1 туш | 100 | ||
2 | Кой, эчки эти | 1 туш | 40 | ||
3 | Канаттуу эти | 1 туш | 10 | ||
4 | Сүт |
| 50 | ||
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |