Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2023-жылдын 26-декабры № 9/11

Жерге-Тал айыл аймагындагы Р.Өмүракунова, Жалгыз-Терек Жоогазындары, Ак-Тилек-Тогуз-Булак жана Жаңы тилек-Чагалдак бала бакчалардын ата-эне тарабынан балдар үчүн тамак ашына болгон төлөмүн 600 сомдон 700 сомго жогорулатып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагындагы бала бакчалардын педагогикалык жамааты менен ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 26-декабрындагы №5 протоколунун корутундусу жактырылсын.

2. Жерге-Тал айыл аймагындагы бала бакчалардын педагогикалык жамааты менен ата-энелердин жалпы чогулуштарынын «Жаңы тилек-Чагалдак» бала бакчасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы №1, «Роза Өмүракунова» бала бакчасынын 2023-жылдын 15-сентябрындагы №2, «Жалгыз-Терек Жоогазындары» бала бакчасынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы №1 жана «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» атындагы бала бакчасынын 2023-жылдын 2-октябрындагы №4 протоколдору канааттандырылсын.

3. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Жаңы тилек-Чагалдак», «Роза Өмүракунова» «Жалгыз-Терек Жоогазындары» жана «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» атындагы бала бакчалардын ата-энелертарабынан балдар үчүн ай сайын тамак ашына болгон төлөмүн азык-түзүккө болгон баанын өсүшүн эске алуу менен 600 сомдон, 700 сомго жогорулатылып беркитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

  

  Төрага

Шаарбек у Б.