Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 29-июлу № 151
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 841 жана 842-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"841-берене. Төлөөчү
1. Майлоочу майлар, автомобиль шиналары, аккумулятордук батареялар, электромобилдердин аккумуляторлору, коргошун аккумуляторлору, электрондук жана электр техникалык жабдуулар, турмуш-тиричилик техникасы, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар сыяктуу товарлардын түрлөрүн, ошондой эле ТЭИ ТН коду бар тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленүүчү айкалыштырылган материалдардан, картондон, резинадан, пластмассадан, полимерден жасалган товарларды жана товарлардын таңгактарын пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын аймагындагы товар өндүрүүчүлөр, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлардын калдыктарын өз алдынча кайра иштетүүнү камсыз кылбаган үчүнчү өлкөлөрдөн же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу импорттоочулар тарабынан төлөнөт.
Утилдештирүү жыйымы "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү төмөнкүдөй товарлар утилдештирүү жыйымынан бошотулат:
- мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын линиясы боюнча кайтарымсыз жардам катары жана (же) кайрымдуулук максатында, анын ичинде техникалык көмөк көрсөтүү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же консулдук мекемелерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдалануучу эл аралык уюмдарга, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон;
- улуттук коопсуздукту, коргонууну, укук коргоо ишин камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган.
842-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
841-беренеде көрсөтүлгөн товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын өлчөмү, төлөө жана чыгымдоо тартиби өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 2121-берене менен толукталсын:
"2121-берене. Калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо
Товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо жана утилдештирүү жыйымын төлөө тартибин бузуу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жеке жана юридикалык жактар тарабынан айып пулду төлөө аларды утилдештирүү жыйымын төлөө милдеттенмесинен бошотпойт.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-берененин 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү;";
2) 16-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо, көмүү;".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-августундагы № 58 (3612) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |