Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 353
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 58-пунктта "15", "30" деген цифралар тиешелүү түрдө "30" жана "45" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) аффилирленген жак - тике же кыйыр түрдө чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчүнө таасир этүүгө укуктуу болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укукка ээ болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) да таанылат;
2) аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
3) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эн чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
4) кепилдик төгүм - аукционго коюлуучу жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан он эсе ашык, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздоочу, жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
5) мамлекеттин үлүшү - Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү, ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия таризделүүгө тийиш;
6) арыз ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар;
7) жер казынасынын объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын иштетүү жана/же геологиялык изилдөө үчүн арналган пайдалуу кен чыккан жерлер же жер казынасынын участоктору;
8) аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эц жогорку бааны камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
9) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эң чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
10) аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
11) аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
12) алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын, ошондой эле мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
13) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы;
14) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы.";
- 39-пунктта ", бирок анын катышуучуларын каттоо башталганга чейин" деген сөздөр алып салынсын;
- 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Аукцион өткөрүү башталганга чейин аукциондук комиссиянын катчысы катышуу үчүн келген катышуучуларды каттоого киришет.";
- 56, 56-1-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56. Аукциондун баштапкы ставкасы жер казынасынын объекти үчүн минималдуу бааны камтыйт, ал өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыйт.
Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендеринде иштетүү максатында мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы өлчөмү 30 пайызды түзөт.
56-1. Аукцион ачык формада өткөрүлөт. Аукциондун кадамынын чоңдугу баштапкы баанын 10 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
Иштетүү максатында алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерине аукциондун кадамынын чоңдугу төмөнкүдөй маанилерде белгиленет:
1) жер казынасынын объекти үчүн минималдык баанын 10 пайызы;
2) мамлекеттин үлүшүнүн 0,1 пайызы.";
- 57-пунктта "жана аукциондун жыйынтыктарын бекитүүнүн", "Аукцион ачык формада өткөрүлөт." деген сөздөр алып салынсын;
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. Аукциондун жүрүшүндө катышуучу тарабынан аукциондун кадамынан ашык бааны сунуштоого жол берилет. Ошол эле учурда баанын бир сунушу төмөнкү градацияга ылайык максималдуу кадамдан жогору болушу мүмкүн эмес:
1) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү;
2) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү;
3) объекттин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү;
4) объекттин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 63-1, 63-2-пункттар менен толукталсын:
"63-1. Алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жүрүшүндө катышуучу тарабынан аукциондун кадамынан ашык ставканы сунуштоого жол берилет. Бул учурда, сунушталган бир ставка төмөнкү градацияга ылайык максималдуу кадамдан жогору болушу мүмкүн эмес:
1) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 5 пайызы;
2) объекттин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 4 пайызы;
3) объекттин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 3 пайызы;
4) объекттин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү жана мамлекеттин үлүшүнүн 2 пайызы.
63-2. Эгерде аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү аз болсо, анда мамлекеттин үлүшү төмөнкү градацияга ылайык аныкталат:
1) аукцион объектинин акыркы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 10 пайыз;
2) аукцион объектинин акыркы баасы он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү -15 пайыз;
3) аукцион объектинин акыркы баасы жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 20 пайыз;
4) аукцион объектинин акыркы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо, мамлекетке берилүүчү үлүштүн өлчөмү - 25 пайыз.";
- 72-пунктта "эки күндүк" деген сөздөр "беш жумуш күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 73-пунктта:
мамлекеттик тилдеги тексттин биринчи абзацында "беш" деген сөз "он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацта "аукциондук комиссия" деген сөздөр "уюштуруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- эгерде арыз ээси арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин аукционго катышууга өзүнүн арызын кайтарып алса.";
- 74, 75-пункттарда "5" деген цифра "15" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |