Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 29-июлу № 153
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 160-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу -";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1601-берене менен толукталсын:
"1601-берене. Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү
1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 15-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1091 жана 1092-беренелер менен толукталсын:
"1091-берене. Порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу
Акчалай пайданы же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган агайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен интернет аркылуу түз эфирге (онлайн) адамдардын катышуусу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
109-2-берене. Сойкулук менен алектенүү
Сойкулук менен алектенүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.";
2) 456-берене "109," деген цифралардан кийин "1091, 1092," деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-августундагы № 58 (3612) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |