Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 30-июлу № 157
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 107-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"107-берене. Адабий тилдин ченемдерине ылайык келбеген же болбосо уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, ошондой эле маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерге чаптоо, илүү, тиешелүү органдар менен макулдашпастан сырткы жарнаманы жайгаштыруу
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген, же болбосо уят сөздөрдү камтыган көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрүнөө маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарына жайгаштыруу, -
эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бир айдын ичинде оңдолбогон же эскертүү берилгенден кийин алты айдын ичинде кайталанып жасалган аракеттер, -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Шаардык, айылдык калктуу конуштардын аймагында этикага жат тышкы жарнаманы же болбосо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген тексттери бар тышкы жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле калктуу конуштардын аларды жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлеринде кулактандырууларды, баракчаларды, плакаттарды жана башка маалыматтык билдирүүлөрдү чаптоо, илүү -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан калктуу конуштардын аймагында тышкы жарнаманы жайгаштыруу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 115-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө
1. Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу -
эскертүүгө же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштоо, үйүп салуу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Таштандылдарды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Белгиленбеген жерлер деп бул атайын аталган максаттар үчүн пайдаланууга бөлүнбөгөн жерлер түшүнүлөт.";
3) 177-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Курулуш аянтчаларынан кеткен" деген сөздөр алып салынсын;
4) 179-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу
1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) 181-беренеде:
а) берененин аталышында "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы" деген сөздөр алып салынсын;
6) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору" деген сөздөрдөн кийин ", муниципалдык автомобил жолдору" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору" деген сөздөрдөн кийин ", муниципалдык автомобил жолдору" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 199-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
7) 286-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"286-берене. Соода эрежелерин бузуу
1. Соода эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Белгиленбеген жерлерде колдон-колго, лотоктордо, автомашиналарда товарлардын бардык түрлөрү менен соода жүргүзүү -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
8) 451-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жеке курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет.";
9) 492-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"492-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 107, 110, 111-беренелеринде, 112-беренесинин 1-бөлүгүндө, 113-124-беренелеринде, 149, 157, 159, 177-беренелеринде, 178-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 179-181-беренелеринде, 199-беренесинин 8-бөлүгүндө, 238, 239, 242, 245-253-беренелеринде, 286-беренесинин 2-бөлүгүндө, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жаза чараларын көрөт.
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 229-234-беренелеринде каралган жаза чараларын көрөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-августундагы № 58 (3612) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |