Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-июлу № 156
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аким кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
2) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";
3) 11-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүктө "буйруктарды" деген сөз "тескемелерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 12-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкүлөр боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат:
- акимдин сунуштамасы;
- Президенттин тиешелүү областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу;
- акимдин Президенттин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашылган сунуштамасы боюнча.
Акимдин биринчи орун басары (орун басары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.
2. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";
5) 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.";
6) 46-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Областтык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";
б) 3-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, тиешелүү шаарда туулган;";
7) 47-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаарлардын мэрлери кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.";
8) 48-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту "органдарынын" деген сөздөн кийин "шаардык" деген сөз менен толукталсын;
9) 49-берененин 2-бөлүгүндө "муниципалдык резервде" деген сөздөр "кадрлар резервинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 52-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";
11) 53-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "кадрлардын муниципалдык резервинде" деген сөздөр "кадрлар резервинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 55-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 19-пунктунда "аттестациялоо" деген сөз "баалоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-беренелер менен толукталсын:
"41-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
42-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлөт.
2. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
3) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуусуна карата.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн стажын эсептөөнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.";
4) 9-берененин 2-бөлүгүндө "аттестациялоо" деген сөз "баалоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо
1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун даражасын жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоону билдирет.
2. Баалоо жарым жылдык баалоону эске алуу менен кызматчынын ишинин натыйжалары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
3. Баалоо жүргүзүүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.";
6) 21-беренеде:
а) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштеген мезгили мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына эсептелет. Мында Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин кызмат орундарынын мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына шайкеш келүүсүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
7) 37-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) баалоонун жыйынтыгы менен тастыкталган ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбегенде;";
б) 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |