Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-апрели № 8
Бер Булак айылындагы мектептин жаңы имаратын
куруш үчүн жерди бөлүп берүү жөнүндө
О.Турсуматов атындагы мектептин директору Мамбетиманова Гүлнара Масаралыевнанын сөзүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан кабыл алынган чечими менен Бер Булак айылындагы О.Турсуматов атындагы мектептин жаңы имаратын куруш үчүн 30 сотых муниципалдык жер тилкеси берилсин.
Төрага | Курманбаев А. Б. |