Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-августу № 158
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси, мыйзамдар менен белгиленген тартипте дайындалуучу кызмат адамы;";
б) тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда белгиленген улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жеткиликтүүлүк берилген улуттук паспорт;";
в) жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (мэрия, айыл өкмөтү) - тиешелүү аймакта жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктардын аткарылышын камсыздоочу, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу мыйзам менен аныкталуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;";
г) отуз биринчи абзацта "финансы полициясы," деген сөздөр алып салынсын;
д) кырк бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы, паспорттун чибинде жазылган белги менен, же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегин Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) каттоо менен аныкталат;";
е) элүүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык түрдө эсептөө үчүн багытталган, оптикалык сканерден, жараксыз шайлоо бюллетендери үчүн атайын бөлүгү бар шайлоо бюллетендери үчүн топтогучтан жана топтогучтун капкагынан турган түзүлүш;";
ж) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"аралыктан добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана добуш берүү маалыматтарынын электрондук системадагы автоматтык жыйындысы менен (аралыктан) шайлоо участкасында добуш берүү;
электрондук добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана добуш берүү маалыматтарынын электрондук системадагы автоматтык жыйындысы менен шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү;
электрондук шайлоо бюллетени - программалык-техникалык каражаттардын жардамы менен электрондук түрдө даярдалган, аралыктан, электрондук түрдө добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу бюллетень;
шайлоо округу көп мандаттуу (көп мандаттуу шайлоо округу) - айылдык кеңештин бир нече депутаты шайлануучу шайлоо округу;
шайлоо округу бирдиктүү (бирдиктүү шайлоо округу) - администрациялык-аймактык бирдиктин - шаардын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык шаардык кеңештин депутаттарын пропорциялык система боюнча шайлоо жүргүзүлөт.";
2) 3-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же, анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн жаза өтөп жаткан жарандарды кошпогондо, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого укуксуз.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.";
3) 6-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту "байкоочулар" деген сөздөн кийин "коомдук байкоочулар," деген сөздөр менен толукталсын;
4) расмий тилдеги 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Для направления наблюдателя не требуется предварительное уведомление.";
5) 8-берененин 1-бөлүгүндө:
а) ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредиттеле алышпайт.";
6) 81-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечиминин ырасталган көчүрмөсүн" деген сөздөр алып салынсын;
7) 10-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү шайлоо күнү белгиленгенден кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.";
б) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 15 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 20 пайыздан ашпаган жол берилген четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;";
в) 4-бөлүктө "өкүлдөрүнүн катышуусу менен" деген сөздөр "сунушу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 11-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "2500" деген цифралар "3000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) расмий тилдеги экинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Перечень избирательных участков и их границы подлежат уточнению в порядке, предусмотренном для их создания, по предложению территориальных избирательных комиссий и органов местного самоуправления.";
9) 12-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "60" деген цифралар "55" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана актуалдаштырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарга ылайык электрондук кол тамга менен тастыкталган маалыматтарды шайлоо комиссиясына ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өткөрүп берет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Добуш берүү күнүндө стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларда, үзгүлтүксүз иштөө циклиндеги ишканаларда (вахта жумуштарында) жүргөн шайлоочулар, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, аскер кызматчылары жана алардын аскер бөлүктөрүндө жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар, анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочуларды, анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочуларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн карамагында жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абалы боюнча көрсөтүлгөн шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.";
в) 3-бөлүктө "7 жана 8-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "7-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө "55" деген цифралар "50" деген цифраларга алмаштырылсын;
10) 15-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап жарандар, саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзө алышат.";
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талапкерлер тизмеси боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.";
б) 17-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү бир иштерди аткарганы (кызматтарды көрсөткөнү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөнүүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болбойт.";
11) 17-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:
1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;
2) муниципалдык кызматчы;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:
1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
3) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери.";
12) 171-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) баш ийүүдөгү же башка кызматтык көз карандылыкта болгон адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болуучу ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартуу;";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) кызматтык иш сапарлардын жүрүшүндө мамлекеттик жарандык кызматчылар же муниципалдык кызматчылар, республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери тарабынан шайлоо алдында үгүт жүргүзүү;";
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "ашкан ишканалардын" деген сөздөр "ашкан юридикалык жактардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 18-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ишенимдүү адамдарды каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) талапкердин жазуу жүзүндөгү арызын, саясий партиянын сунуштамасын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызды;
2) ишенимдүү адамдын инсандыгын тастыктоочу документтерди, негизги иштеген жери (кесибинин түрү) жөнүндө маалыматты, туруктуу жашаган жеринин толук дарегин жана байланыш маалыматтарын.
Талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасына киргизилиши керек.
Зарыл болгон документтер берилген учурда, ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.";
б) 3-бөлүктө "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Документтер добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Талапкердин, саясий партиянын өкүлү жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасына киргизилиши керек.";
15) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдү: шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындашат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан дагы электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына киргизилиши керек.";
- экинчи абзац "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) шайлоо кампаниясынын өткөрүлүшүнө түздөн-түз байланыштуу аткарылган жумуштар, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коёт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүү менен байланышкан маселелерди, акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын мыйзамдуулугун эсепке алуу жана контролдоо боюнча, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;
2) финансылык эсептешүү документтерине жана финансылык отчетторго кол коюуга укуктуу;
3) талапкерге, саясий партияга тиешеси бар финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген финансылык маселелер бөлүгүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
г) 6-бөлүктүн биринчи сүйлөмү "талапкердин, саясий партиянын" деген сөздөрдөн кийин "шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 22-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочуларга, анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочуларга маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 22-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Шайлоочуларга маалымдоо максатында талапкерлер жана саясий партиялар талапкерди, талапкерлердин тизмелерин тиешелүү шайлоо комиссиясында каттаган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен программаны кагаз жана электрондук түрүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде тиешелүү шайлоо комиссиясына беришет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтка жарыялайт.
Шайлоочуларды маалымдоого мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтыбоого тийиш.";
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "берилүүгө тийиш эмес" деген сөздөрдөн кийин ", тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн, же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгилерин камтыбоого тийиш" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 5-бөлүктө "(табышташкан)", "(төлөшкөн)", "(жактарды)" деген сөздөр алып салынсын;
д) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Шайлоо кампаниясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылуучу шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө укуктуу.";
е) 13-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу;";
- 3-пункт "чыгаруу" деген сөздөн кийин ", жайгаштыруу" деген сөз менен толукталсын;
ж) 15-20-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иш менен алектенген уюмдардын уюмдаштыруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле, радио программалардын ретрансляциясы жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Талапкерлердин ар-намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматты таратуучу чет өлкөлүк теле, радио программалардын ретрансляциясына тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды таратканы үчүн ретрансляциялоочу жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле маалда талапкерлер же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле, радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Бул эреже ушул Мыйзамдын 24-беренеси менен каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлер тарабынан акысыз обо убактысын пайдалануу учурунда үгүттүк чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
18. Уюмдаштыруучулары (тең уюмдаштыруучулары, ээлери) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Обо убактысын бергендиги, мезгилдүү басылмада же интернет басылмаларында басып чыгаргандыгы үчүн акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысын, басылма аянтын төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндөгү маалыматтар же интернет-басылмаларда жарыялоо укугу шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет басылмасынын ээси тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитация максатында берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында жалпы маалымат үчүн жарыяланат.";
17) 27-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле табыштамага акы төлөгөн талапкердин же талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.";
18) 28-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ибадат кылуу имараттарынын, курулмалардын жана аларга тиешелүү аймактардын, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттердин, электр станцияларынын, темир жолдордун, мунай/газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларынын, жана инфратүзүмдүк башка объекттердин, пенитенциардык системанын объекттеринин, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана аларга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө үгүт материалдарында диний тематикадан түз жана кыйыр өздөштүрүлгөн сөздөрдү же шилтемелерди камтыган маалыматтын бөлүктөрү менен элементтерин (сүрөттөрүн) чагылдырууга жана башкача колдонууга жол берилбейт.";
19) 29-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсү жана анда добуш берүүсү үчүн керектөөлөрүнө, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорунун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышына же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөрдүн, тактилдик көрсөткүчтөрдүн, жетиштүү жарыктандыруунун болушуна, жана мыйзамдарда белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш.";
20) 30-берененин 8 жана 13-бөлүктөрүндө "10" деген цифралар "7" деген цифрага алмаштырылсын;
21) 31-беренеде:
а) 1-бөлүктө "участкалык" деген сөз алып салынсын:
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып отурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө автоматтык эсептөөчү урнанын бош топтогучтарын кароо үчүн көрсөтөт. Андан кийин урнанын топтогучу менен капкагы номерлүү чаптама пломбалар менен пломбаланат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо участкасынын номери, урналарга контролдук барактардын салынуу убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын катышып отурган өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат, андан кийин пломбаланган урна оптикалык сканер менен пломбаланат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Автоматтык эсептөөчү урналар карама-каршы эки тарабынан пломбаланат.";
в) 7-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо бюллетендеринин санына негизделген, автоматтык эсептөөчү урна тарабынан саналган жана анын мониторунда чагылдырылган добуш бергендердин саны тууралуу маалымат участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саатта берилип турат. Аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Шайлоо бюллетендеринин санына негизделген, автоматтык эсептөөчү урна тарабынан саналган жана анын мониторунда чагылдырылган добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалымат шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо, бирок бюллетендери бар урналардын ачканга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.";
г) 16-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Толтурулган шайлоо бюллетендери мөөр басылган (пломбаланган) тиешелүү автоматтык эсептөөчү урналарга шайлоочулар тарабынан салынат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.";
д) 20-бөлүктө:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, эгер кароонун жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урна калыбына келтирилиши мүмкүн болбосо, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат.";
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулуусунун натыйжасында алмаштырылган иштөө жөндөмү калыбына келтирилген учурда, добуш берүү аяктагандан кийин автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктоочу отчетун түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлүп, катышып отурган бардык участкалык комиссиянын мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан ага кол коюлат.";
22) төмөнкүдөй мазмундагы 321-берене менен толукталсын:
"321-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүндүгү болбогон жана аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыздоо үчүн багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана шайлоочулардын өз эрк-ниетин билдирүүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу биометриялык идентификациядан өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу авторлоштуруудан өтүү менен, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына аралыктан, электрондук формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу электрондук добуш берүү форматы боюнча гана добуш берүүгө укуктуу.
5. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.";
23) 33-беренеде:
а) 1-бөлүктө "өзүнүн турган жери боюнча добуш берет" деген сөздөр ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар, эгерде шайлоо өткөрүлүп жаткан шайлоо участкасы алар турган аймакта жайгашкан болсо, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш беришет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Участкалык шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө талапкерлерге, саясий партияларга, коомдук байкоочуларга маалымдоого милдеттүү.";
в) 6-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана добуш берүү жайынан тышкары жерде аларга добуш берүү мүмкүндүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестринин негизинде түзүлүүчү, добуш берүү жайынан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кол коёт.";
24) 34-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялайт.";
25) 36-берененин 20-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.";
26) 38-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, аймактык шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу. Мында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары бузуунун оордук даражасына, бузуу жасалган аймакка жараша участоктун/участоктордун чегинде же жалпы эле округ боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда, талапкерге, саясий партияга берилген шайлоочулардын добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыздарга кошуу менен жараксыз деп табылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого киргизилбейт. Мында талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөөнүн максаттары үчүн алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эске алынбайт.";
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жараксыз деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.";
27) 39-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө "талапкерлер" деген сөздөн кийин ", саясий партиялар" деген сөздөр менен толукталсын;
28) 40-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тиешелүү шайлоо комиссиялары шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары бекитилгенден кийин 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.";
29) 44-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкерди каттоо төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Талапкерлердин тизмесин каттоо төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкердин пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтар, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экендиги, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендиги, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же жарандыгын жоготкондугу, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы, талап кылынган билим деңгээлинин жоктугу же болбосо билими жөнүндө так эмес маалымат бергендиги жөнүндө маалыматтар ырасталса, ошондой эле ал каза болгон учурда, анда шайланган талапкерди каттоо жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинде белгиленген тартипте кийинки талапкерге берилет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялык система боюнча шайлоодо бул учурда ушул Мыйзамдын 52-беренесинин талаптарын эске алуу менен ошол саясий партиядан талапкерлердин тизмесинен кийинки шайланган талапкер катталат.";
30) 49-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыялангандан күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн мурун, жергиликтүү саат 18ге чейин аяктайт.";
б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) пропорциялык система боюнча шайлоолор боюнча - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык мандаттардын санынан ашпаган санда.";
в) 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө саясий партиялар төмөндөгүлөрдүн өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү:
- бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашык эмес, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринде аялдардын жана эркектердин кезектеги айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш;
- 1ден кем эмес талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.
Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси көрсөтүлгөн учурдан тартып алынган мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.";
д) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө жана электрондук алып жүрүүчүдө берилет. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан машинада окула турган электрондук түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына киргизилиши керек.";
е) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча талапкердин соттолгондугу бар экендиги (жоктугу) жөнүндө расмий жазуу жүзүндөгү корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.";
31) 50-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "депутаттыкка талапкерлерге," деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктта "талапкерди," деген сөз алып салынсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- экинчи абзацта "Талапкерлердин жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, саясий партия тарабынан төгүлгөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилүүгө тийиш.";
32) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт.";
- үчүнчү абзацта "добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин" деген сөздөр алып салынсын;
33) 52-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүктүн 1-пунктунда "бир мандаттуу" деген сөздөр "көп мандаттуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) депутатта арызды жеке өзү берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу адам тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө депутаттын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызын берет;";
- мамлекеттик тилде 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жарандыктан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, башка жарандыгы бар болгон факты табылганда же болбосо башка жарандыкты алганда;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо учурунда пассивдүү шайлоо укугу жоктугунун факты белгиленгенде.";
34) 53-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац "күн калгандан кечиктирбестен," деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) саясий партия тарабынан шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастоочу документти;
5) башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө декларацияны;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар документтерди берүү менен бир эле убакта өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ушул Мыйзамдын 50-беренесинде белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн төгүшөт.";
в) 4-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде талапкерге бул ылайык келбестиктер жөнүндө кабарлоого милдеттүү.";
г) "8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо" деген сөздөр "81. Талапкерлердин тизмесин каттоодо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүктүн 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Талапкерди, талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.";
35) 54-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "учурда саясий партиянын" деген сөздөрдөн кийин ", талапкердин" деген сөз менен толукталсын;
36) 561-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "7" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
37) 60-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац "30 календардык күн калгандан кечиктирбестен" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде бул ылайык келбестиктер жөнүндө талапкерге кабарлоого милдеттүү.";
в) 4-бөлүк "бир сутканын ичинде" деген сөздөрдөн кийин "талапкерге," деген сөз менен толукталсын;
г) "5. Талапкерди каттоодон" деген сөздөр "51. Талапкерди каттоодон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө "Талапкерлердин тизмесин каттоодон" деген сөздөр "Талапкерлерди каттоодон" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-августундагы № 59 (3613) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |